Ошто мыйзамсыз курулуштар буздурулууда
Ош шаарындагы Ош көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдун боюна тоскоолдук жараткан мыйзамсыз курулуштарды жана жеңил конструкциядагы объектилерди бузуу иштери жүрүүдө.
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлер жана жеке менчик ээлери шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сактап, курулуштарды өз ыктыяры менен бузуп жатышат.
Оңдоп-түзөөнүн максаты –жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, тыгынды азайтуу жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.
Ош шаарынын мэриясы түшүнүү менен мамиле кылган жарандарга ыраазычылык билдирет.