Санитардык талаптарды аткарбаган кафе жабылып, айып пул салынды
Бишкек шаарындагы Горький көчөсүндө жайгашкан, “Мира” кафесинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка таянсак, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар санитардык мыйзам бузуулар аныкталган. Алардын катарында жайдын санитардык-техникалык абалынын талапка жооп бербегени, тамак-аш даярдоо технологиясынын бузулушу жана кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сактабагандыгы айгинеленди.
Аталган фактылар боюнча эки административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 28 миң сомду түзгөн айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин 22-июндан тартып кафенин ишин токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө берилди.