Ысык-Көлдө топурактын сапатын аныктоочу лаборатория ачылды

Ысык-Көлдө топурактын сапатын аныктоочу лаборатория ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, аталган лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын абалын илимий негизде аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Лабораторияда топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык заттар, кычкылдуулук деңгээли жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир этүүчү башка көрсөткүчтөр аныкталат.

Анализдердин жыйынтыгынын негизинде фермерлер жер семирткичтерди илимий негизде колдонууга, чыгымдарды азайтууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Лабораториянын ишке кириши өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана фермерлерге көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Райондук админстрациянын маалыматына ылайык, кароо учурунда көпүрөнүн жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратып жаткандыгы белгиленип, абалды тез арада жөнгө салуу маселеси талкууланды. Ошондой эле район акими жергиликтүү калктын каттамын

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин жүрүшүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда