Ишкерлерге агробизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет

Ишкерлерге агробизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет

"Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында мөмө-жемиш жана жашылча өндүрүмдөрүн сактоо, кайра иштетүү жана логистика тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн жеңилдетилген каржылоо сунушталууда.

Долбоордун алкагында ишкерлер сом эквивалентинде 5 млн АКШ долларына чейин насыя ала алышат. Каржылоонун мөөнөтү 10 жылга чейин белгиленип, жылдык үстөк пайызы 6%ды түзөт. Ошондой эле негизги карызды төлөө боюнча үч жылга чейинки жеңилдетилген мөөнөт каралган.

Насыя каражаттары мөмө-жемиш жана жашылча азыктарын кургатуу жана тоңдуруу шаймандарын сатып алууга, шире, пюре жана концентрат өндүрүүгө, соода-логистикалык борборлорду курууга, муздаткыч кампаларды түзүүгө жана жаңылоого жумшалышы мүмкүн.

Мындан тышкары, өндүрүмдү сорттоо, жуу жана таңгактоо үчүн жабдууларды сатып алууга, ошондой эле рефрижератордук транспортту жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүгө да каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Жеңилдетилген насыялар мамлекеттик А Банк жана Элдик Банк аркылуу берилет.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media