DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

DemirBank эл аралык каржылоону ишке ашырды: Өзбекстандагы бизнеске колдоо көрсөтүлдү

18-июнда DemirBank Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility – RSF) алкагында Өзбекстандын “Ozone Fitness” ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду.

Тартылган каржылоо каражаттары Ташкент шаарындагы “Ozone Fitness” ЖЧК фитнес борборлор тармагынын жаңы объекттерин курууга жана иштеп жаткан борборлорун модернизациялоого багытталат. Компания Өзбекстандагы фитнес-индустриянын ири операторлорунун бири болуп саналат жана рыноктогу ишмердүүлүгүн активдүү кеңейтүүдө.

Бул долбоор RSF программасынын алкагында ишке ашырылган биринчи эл аралык каржылоо болду. Анын алкагында Кыргызстандын коммерциялык банкы Өзбекстандагы чакан жана орто бизнес субъектине каржылоо берүүдө. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана экономикалык байланыштарды чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Жолугушуунун катышуучуларынын айтымында, долбоордун ишке ашырылышы аймактагы финансылык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүп жатканын көрсөтүп, улуттук чек аралардан тышкары бизнести колдоонун жаңы механизмдерин ачат.

Каржылоо Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility) алкагында жүзөгө ашырылды. Аталган программа чакан жана орто бизнес ишканаларынын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана ЕРӨБ иш алып барган өлкөлөрдө экономикалык өнүгүүнү стимулдаштырууга багытталган.

Бул келишимдин ишке ашырылышы DemirBankтын инновациялык жана ишенимдүү финансылык институт катары макамын дагы бир жолу тастыктап, анын салттуу жергиликтүү чечимдердин чегинен чыгып, эл аралык каржылоодо жаңы багыттарды түзүүгө жана Борбор Азия боюнча келечектүү бизнести активдүү колдоого даяр экенин көрсөтөт.

Кол коюу аземи Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында өттү. Ага төмөнкү жетекчилер катышты:

– Одиль Рено-Бассо – ЕРӨБдүн Президенти
– Хусейн Өзхан – ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору
– Алмаз Тойгонбаев  – ЕРӨБдүн Өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр сектору боюнча Регионалдык директору
– Шевки Л. Сарылар – DemirBankтын Башкы жетекчиси
– Садам Матчанов – “Ozone Fitness” ЖЧКсынын Башкы директору
– Акмалбек Икрамов – DemirBankтын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media