Кочкорго 2026-жылы 30 объекти куруу пландалган

Кочкорго 2026-жылы 30 объекти куруу пландалган

Президент Садыр Жапаров 23-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысына Кочкор районунун акими Баялы Досалиев даярдаган презентация сунушталды. Иш-чарага ошондой эле жергиликтүү тургундар жана активисттер да катышты.

2021-2025-жылдар аралыгында Кочкор районунда 17 социалдык объект ишке киргизилди, анын ичинде сегиз мектеп, төрт бала бакча жана беш спорт зал бар. Учурда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү иштери активдүү уланууда. 2026-жылга жалпы суммасы 5,9 млрд сомду түзгөн 30 объекттин курулушу жана дагы алты объекттин капиталдык оңдоосу каралган.

Жол курулуш тармагында олуттуу жыйынтыктар жетишилди. Акыркы беш жылда райондун аймагында 116,6 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Ирригациялык жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2026-жылы “Шамшы” суу сактагычын пайдаланууга берүү пландалууда, ал райондун айыл чарба секторун суу ресурстары менен натыйжалуу камсыздоого өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда төрт айылда таза суу менен камсыздоо тутумдары курулуп жатат, ошондой эле дагы сегиз калктуу конушту ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор даярдалды.

Райондун ири инвестициялык долбоорлорунун бири Орток айылында күн электр станциясынын курулушу болуп саналат. Долбоор “АСТ Империал Строй” ЖЧКсы тарабынан 455 гектар аянтта ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы көлөмү 250 млн долларды түзөт, ал эми станциянын долбоордук кубаттуулугу 325 мегаваттка жетет.
Жолугушууда мындан ары колдоого муктаж болгон бир катар актуалдуу маселелер да белгиленди. Алардын катарында муниципалдык коомдук транспорт сатып алуу, жаш адистерди кызматтык турак жай менен камсыздоо, Сары-Булак айыл өкмөтүнө административдик имарат куруу, Теңдик айылында спорт залынын курулушун бүткөрүү, район борборунун коллектордук-дренаждык тармагын калыбына келтирүү, ошондой эле Ормон-Хан айыл аймагында балдардын билим берүү борборун жана муниципалдык мончо куруу бар.

Өзгөчө көңүл келечектүү инвестициялык демилгелерге бурулду. Атап айтканда, инвесторлорго Чүй облусунун Шамшы айылынан Шамшы капчыгайы аркылуу Токмок шаарына чейин альтернативдик автожол куруу долбоору сунушталууда. Бул долбоорду ишке ашыруу Кочкор менен Токмоктун ортосундагы учурдагы аралыкты дээрлик эки эсеге – 125 чакырымдан 55-60 чакырымга чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы транспорттук артерия акы төлөнүүчү жол катары колдонулушу мүмкүн жана келечекте Чүй облусунан Нарын облусуна магистралдык газ түтүгүн тартуу үчүн даяр коридор болуп калышы ыктымал.

Дагы бир келечектүү багыт Чоң-Туз кенинин базасында заманбап дарылоочу санаторий комплексин түзүү болуп саналат. Табигый туздун уникалдуу дарылоо касиеттери жана саламаттык сактоо туризмин өнүктүрүүнүн жогорку потенциалы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Инфраструктураны модернизациялоо жана заманбап комплекс куруу Чоң-Тузду өлкөдөгү алдынкы санаторийлик-курорттук дарылоо борборлорунун бирине айлантууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media