Курулуш эрежелерин бузган компаниялардын иши токтотулду

Курулуш эрежелерин бузган компаниялардын иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Курулуш министрлигинин маалыматында, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Даймонд Резорт” комплексинин коттедждери жана апарт-отелдери курулуп жаткан объектте бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, аталган объектте курулуш иштерин жүргүзүүдө курулуш ченемдеринин, техникалык регламенттердин жана колдонуудагы талаптардын сакталышы толук камсыздалган эмес. Бул курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Эмма Курулуш” ЖЧКсына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди. Ошондой эле тиешелүү протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлуп, объект мыйзамдардын талаптарына ылайык келтирилгенге чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык курулуш компанияларын курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын сакталышын так камсыздоого чакырат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media