Лейлек районундагы мал союлуучу жайлар текшерилди

Лейлек районундагы мал союлуучу жайлар текшерилди

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев Лейлек районуна болгон иш сапарынын алкагында район аймагындагы мал союлуучу жайлардын жана мал базарларынын учурдагы абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө мал союлуучу жайлардагы ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышы, малдарды ветеринардык кароодон өткөрүү тартиби, эт азыктарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана базарлардагы ветеринардык көзөмөлдүн уюштурулушу каралды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү адистерге бир катар тапшырмалар берилди. Айрыкча мал союлуучу жайларда санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоо, союлган малдын ветеринардык экспертизадан өз убагында өткөрүлүшү жана мал базарларында ветеринардык коштоочу документтердин болушун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Адилет Сотовалдиев ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо калктын саламаттыгын коргоодо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо маанилүү орунду ээлей турганын белгиледи.

Мындан тышкары, санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча кошумча иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан мал чарба продукцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу, эпизоотиялык туруктуулукту сактоо жана ветеринардык-санитардык көзөмөлдү өркүндөтүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media