Жалпы дарыгерлик практика борборунун жылуулук тутуму 14 млн сомго оңдолду

Жалпы дарыгерлик практика борборунун жылуулук тутуму 14 млн сомго оңдолду

Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборунда 90 орундуу стационарда болгону 28 бейтап дарыланып жаткан. Мунун негизги себептеринин бири – адистердин тартыштыгы жана нормалдуу жылытуу тутумунун жоктугу болгон. Күн суук мезгилде жергиликтүү тургундардын көбү Ош жана Өзгөн шаарларынын ооруканаларына кайрылып келишкен. Бул тууралуу аталган медициналык борбордун жетекчиси Элмурат Эркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, көйгөйдү чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жылытуу тутумун оңдоого каражат бөлүнгөн. Оңдоп-түзөө иштерине 14 миллион сомго жакын каражат кеткен. Бүгүнкү күндө борборлоштурулган жылытуу тутуму толугу менен иштеп жатат, ал эми бейтаптар үчүн шарттар кыйла жакшырды.

Муну менен катар медициналык кадрларды тартуу боюнча да иштер жүргүзүлдү. Бир жылдын ичинде ооруканага 22 адисти тартууга мүмкүн болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media