Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Башкы прокуратуранын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөгө жарыяланган эки шектүүөлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алып, жалпысынан 70 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Экинчи фигурант – Азербайжандан жеткирилген чет өлкөлүк жаран А.А. – ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жабырлануучунун ишенимине кирүү жолу менен анын акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган. Ы.М. жана А.А. Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы жайыт жерлерин коргоо жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондорунун мамлекеттик администрацияларына

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Райондук админстрациянын маалыматына ылайык, кароо учурунда көпүрөнүн жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратып жаткандыгы белгиленип, абалды тез арада жөнгө салуу маселеси талкууланды. Ошондой эле район акими жергиликтүү калктын каттамын

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин жүрүшүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул