Салык төлөөнү жеңилдетүү жолдору иштелип чыгууда

Салык төлөөнү жеңилдетүү жолдору иштелип чыгууда

Мамлекеттик салык кызматы салыктык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууда.

Салык кызматынын маалыматына таянсак, салык төлөөчүлөрдү жоюу учурундагы иш регламентине салыктык эсептен чыгаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди.

 Жаңы өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:

Жеке ишкерлер үчүн ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө арыз берилген учурда, салык органы тапшырылган отчетторду өз алдынча текшерип, эсептердин жана транзакциялык активдүүлүктүн бар-жогу тууралуу маалымат алуу үчүн коммерциялык банктарга суроо-талап жөнөтөт. Эгер салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздар жок болсо, жоюу жол-жобосу 15 жумуш күнүнүн ичинде аяктайт.
Юридикалык жактар үчүн Юстиция министрлигинен жоюу тууралуу билдирүү алынгандан кийин, салык органы отчетторду текшерип, банктардан керектүү маалыматтарды өз алдынча суратып алат. Эгер салыктык тобокелдиктер аныкталбаса, жол-жобо белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Ал эми тобокелдиктер аныкталган учурда көчмө салыктык текшерүү дайындалат.
Белгилей кетсек, жол-жобону тездетүү үчүн салык төлөөчүлөргө салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу карыздын бар же жок экенин алдын ала текшерип, зарыл болгон учурда жоюу боюнча отчетторду тапшыруу сунушталат.

Онлайн кайра каттоо

Эске салсак, буга чейин Салык кызматы жаңы онлайн кызматты ишке киргизген. Анын жардамы менен жеке ишкерлер салык органдарына барбастан салыктык кайра каттоодон өтүп, төмөнкү маалыматтарды өзгөртө алышат:

 – реквизиттерди;

– ишмердүүлүктүн түрлөрүн;

– салык режимин;

– юридикалык даректи, бир райондун ичинде же башка районго көчкөн учурда.

Кызмат салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу 24 саат жеткиликтүү. Арыздардын көпчүлүгү ыкчам жана акысыз каралып, бардык өзгөртүүлөр автоматтык түрдө киргизилет.

Мамлекеттик салык кызматы салык кызматтарын санариптештирүүнү мындан ары да улантып, аларды ишкерлер үчүн дагы жөнөкөй, ылдам жана ыңгайлуу кылууга багытталган иштерди жүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media