“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Баткен районундагы “Тегирмен башы” мамлекеттик эчки чарбасына Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев тиешелүү адистер менен биргеликте иш сапары менен барып, чарбанын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышты. 

Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, асыл тукум иштеринин жүрүшү, малдын саны, тоют базасы жана материалдык-техникалык камсыздалышы талкууланды.

Учурда чарбада кыргыз тыбыт породасындагы 2 миңден ашык эчки багылып, асыл тукум иштер системалуу жүргүзүлүүдө. Натыйжада чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жылдан-жылга жакшырып, 2026-жылы болжол менен 2 миллион сомдук тыбыт өндүрүү пландалууда.

Чарбаны өнүктүрүү максатында бир катар маанилүү иштер аткарылууда. Атап айтканда, 2025-жылы 200 баш асыл тукум эчки Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор мамлекеттик чарбасына өткөрүлүп берилген. Ошондой эле Өнүктүрүү фонду аркылуу 14 миллион сомго айыл чарба техникаларын сатып алуу пландалып, жогорку сапаттагы асыл тукум текелер алынган. Мындан тышкары, 40 гектар жер аянтын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилип, тоют базасын чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Чарбанын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багытында сарайларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталып, жаңы техникалар менен камсыздоо чаралары көрүлүүдө. Ошондой эле акыркы жылдары топтолгон карыздардын негизги бөлүгү жоюлуп, чарбанын каржылык туруктуулугу чыңдалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Кыргызстан менен Кореянын өнүктүрүү фондун түзүү демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, Корея–Кыргызстан депутаттык достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Марлен

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекке 100 миң түп бак отургузуу пландалууда

Бишкекте Экологиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында борбор калаага 100 миң түп көчөт отургузуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-июлда шаар мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коомдук угууларга Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Иш-

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Транспорт тармагынан 6 айда бюджетке 614 млн сомдон ашык каражат түштү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында транспорт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн мамлекеттик бюджетке 614 миллион сомдон ашык каражат түшүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көбөйдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бюджетке түшкөн каражат былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 91 миллион сомго көп болгон. Алты ай ичинде транспорттук

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкектеги курулуштагы өрттөн кийин компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда чыккан өрттөн кийин курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуя күн мурун саат 10:30 чамасында Фучик көчөсү, 38 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жайдын курулуш аянтчасында болгон. Алдын