7,1 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү
2026-жылдын 25-июнуна карата Мамлекеттик Камсыздандыруу уюму жарандарга жана уюмдарга жалпы 7 129 347 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүздү.
Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, Бишкек филиалы тарабынан 3 195 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү берилди.
Төлөмдөр ОСАГО, жарандык жоопкерчилик, автокаско, турак жай жана башка камсыздандыруу түрлөрү боюнча өлкө аймагындагы филиалдар аркылуу жүргүзүлдү.