Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде шаар башчысы диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Бул долбоор учурдагы инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мэр подряддык уюмдарга иштердин темпин күчөтүүнү, кошумча ресурстарды тартууну жана өндүрүш процессинин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыздоону тапшырды.

Андан соң Айбек Жунушалиев “Тазалык” муниципалдык ишканасынын курулуп жаткан өндүрүштүк базасына барып, мекеменин аймагындагы объектилерди рационалдуу жайгаштыруу боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле шаар мэри Ж. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки тилкеде жайгашкан Жаш Гвардия бульварынын оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди.

Учурда объектте инженердик тармактарды куруу, таман таш төшөө, бордюрларды орнотуу, сугат тутумун монтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүндү текшерүү учурунда мэр курулуш иштерин тездетүүнү, ошондой эле көпүрөнүн гранит элементтерин сактоо менен мозаикалык жасалгасын жаңылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Текшерүүнүн алкагында Айбек Жунушалиев оңдопп-түзөө ууң пландалып жаткан “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын базасына да барды,  ошондой эле Жеңиш аянтындагы жаңы муниципалдык унаа токтотуучу жайдын иши менен таанышты. Бул жерде саатына төлөө системасы сыноо режиминде ишке киргизилген. 

Мэр кошумча видеобайкоо камераларын орнотууну тапшырды. Текшерүүнүн  жыйынтыгында шаар башчысы бардык долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media