ӨКМ: Республиканын тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ: Республиканын тоолуу жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын табынын жогорулашына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экендигин билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июндан 30-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашы жана нөшөрлүү жаан-чачындын күтүлүшү менен байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү болжолдонууда.

ӨКМ жарандарды аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу сак болууга жана коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулуп жаткан Миң-Жар каналы райондогу сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – буга чейин сугат суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо уланууда.  Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 23-26-июнда ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси оңдолгон.  Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин

Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти

Кыргызстанда калктын саны 7,4 миллионго жетти

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион 404 миң адамга жетти. Шаар калкынын үлүшү өсүп, 42,3%ды, ал эми айыл калкы 57,7%ды түздү.  2025-жылы өлкөдө калктын өсүү темпи 1,7% деңгээлинде сакталган. Эң жогорку өсүш Бишкек шаарында (2,8%