Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды
Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет.
Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:
күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө;
көп суу ичүүгө;
айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз сугарууга сунуш кылынат.