Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу” убактылуу сактоо кампасы текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышы, жаныбарлардын жана мал чарба продукцияларынын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүшүнө жүргүзүлүп жаткан ветеринардык көзөмөлдүн сапаты, ветеринардык коштоочу документтердин таризделиши жана кызматкерлердин ишин уюштуруу маселелери каралды.

А.Сотовалдиев өлкөнүн эпизоотиялык туруктуулугун камсыз кылууда мамлекеттик чек аралардагы ветеринардык көзөмөлдүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, жугуштуу жаныбарлардын ылаңдарынын өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле импорттук жана экспорттук жүктөрдү кылдат текшерүү, ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоо, мыйзамсыз ташууларга бөгөт коюу жана ветеринардык сертификаттардын аныктыгын дыкат текшерүү боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.

Мындан тышкары, кызматкерлерге кызматтык тартипти так сактоо, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мамлекеттик чек арадагы тиешелүү органдар менен өз ара кызматташууну күчөтүү жана ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди жогорку деңгээлде уюштуруу милдеттендирилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди өз мөөнөтүндө жоюу жана мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media