Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда
Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда.
Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да берилүүдө.
Нарын шаардык мэриясы шаар тургундарынан мыйзамсыз корулуп алынган жер аянттарын бошотуп, муниципалитетке кайтаруу иштерин жүргүзүүнү өтүнөт.