Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жыйында белгиленгендей, бул маселе Министрлер Кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат: күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө боюнча иштер бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн тыгыз өз ара аракеттенүүсү менен жүргүзүлүүдө.

Мунай заттарынын учурдагы запастары жана рыноктогу абал боюнча профилдик мекемелер жаңыртылган маалыматтарды сунушташты. Өлкөгө жеткирүүнүн туруктуулугуна глобалдык геосаясий факторлор таасирин тийгизип, логистикалык чынжырларга жана баа түзүүгө кысым көрсөтүп жатканы белгиленди.

Адылбек Касымалиев күйүүчү импорттоонун альтернативдүү булактары боюнча толук баяндамаларды укту. Талкуулардын алгачкы этаптарында башталган жеткирүүлөрдү диверсификациялоо боюнча иштер буга чейин эле натыйжа берип жатканы баса белгиленди: бир катар жаңы багыттар боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилди, бул кырдаалды көзөмөлдө кармоого мүмкүндүк берет. 

Министрлер Кабинетинин төрагасы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун жана ички рынокто күйүүчү майдын жетишсиздигине жол бербөөнүн стратегиялык маанилүүлүгүнө кайрадан токтолду, анткени бул экономиканын бардык тармактарынын, анын ичинде агрардык сектордун жана транспорттун туруктуу иштешинин негизи болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди, анын ичинде күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү абалына күн сайын текшерүү жүргүзүп, ыкчам отчетторду берүүнү талап кылды. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин төрагасы мындай жыйындарды жума сайын өткөрүү практикасын бекемдөөнү, ыкчам чараларды көрүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын туруктуу даярдыгын камсыздоону тапшырды.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media