65 млн сомго бааланган жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 га ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Тоң районунун Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.
Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 65 миллион сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.