Курулуш эрежелерин бузган дарыкана, кафенин ээлерине чара көрүлдү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүп келет.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө айрым объекттерде архитектуралык-долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуш иштерин жүргүзүү, ошондой эле объекттердин функционалдык багытын өз алдынча өзгөртүү фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, төмөнкү объекттер боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү протоколдор түзүлүп, чаралар көрүлдү:
“BORODA” чач тарачы;
“Либерти-Бар” эс алуу жайы;
Ленин көчөсүндө жайгашкан дарыкана;
Ленин көчөсүндө жайгашкан гүл дүкөнү;
“Кун Лун” кафеси;
“Ажва” чайканасы;
Н2О” унаа жуучу жайы;
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын административдик имараты.
Аталган объекттердин ээлерине жана пайдалануучуларына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, курулуш жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын так сактоо милдеттендирилди.
Белгилей кетсек, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин буйругу менен бекитилген жобого ылайык, курулуш иштерин баштоого чейин тиешелүү уруксат берүүчү документтер алынууга тийиш. Ошондой эле курулушу аяктаган объекттер белгиленген тартипте текшерилгенден кийин гана пайдаланууга берилүүгө тийиш.