КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер

КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер

Кыргызстандагы 2026-жылдын эң ири музыкалык долбоорлорунун бири болгон КЫРГЫЗ ТУРдун финалдык концерти 2026-жылдын 30-июнунда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. Тур Баткенден башталып, Ош, Манас, Талас, Нарын жана Каракол шаарларын кыдырып, жыйынтыктоочу концерт ордо калаада өтөт.

Финалдык концертке дагы көп көрүүчү катыша алышы үчүн BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча 15 миң акысыз билет бөлдү. Ошентип, жыйынтыктоочу концерт Ала-Тоо аянтында өтөт.

Бишкектеги финалдык концертте Бегиш, Ulukmanapo, Freeman996, Баястан, Aftok, Era, 7Gen, AGA-INI, KAIBAR, Emir Aga жана башка ата мекендик ырчылар сахнага чыгышат. Алардын жандуу аткаруусу көрүүчүлөргө унутулгус маанай тартуулап, чыныгы музыкалык фестивалдын атмосферасын сездирет. Коноктор сүйүктүү ырчыларынын жандуу үнүн угуп, жайдын эң ири музыкалык окуяларынын бирине күбө болушат.

Концертке акыркы акысыз билеттер BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү. Билет алуу үчүн:

• BAKAI тиркемесин жүктөп алыңыз;

• Tiki Tiki  “Сервистер” бөлүмүнө өтүңүз;

• концертке кирүүгө мүмкүнчүлүк берген билетиңизди алыңыз.

Билеттердин саны чектелүү. Жайдын эң ири музыкалык окуяларынын бирине катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

КЫРГЫЗ ТУР долбоору өлкөнүн бардык аймактарынан келген он миңдеген көрүүчүлөрдү бириктирип, заманбап кыргыз музыкасынын, маданий ынтымактын жана жаш таланттарды колдоонун символуна айланды.

КЫРГЫЗ ТУР 2026 - бул жөн гана концерттер сериясы эмес. Бул:

• жандуу фестивалдын атмосферасы жана унутулгус таасирлер;

• ата мекендик ырчыларды жана жаш таланттарды колдоо;

• музыка жана чыгармачылык аркылуу өлкөнүн бардык аймактарындагы адамдарды бириктирген аянтча.

“Музыка адамдарды шыктандырып, бириктирип, жаштардын жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө күчү жетет деп ишенебиз. Ошондуктан BAKAI белгилүү кыргызстандык ырчылардын концерттерин аймактардагы көрүүчүлөргө жакындатуу, жаштарды музыкага жана чыгармачылыкка шыктандыруу максатында уюштурулган КЫРГЫЗ ТУР долбоорун колдоду. Финалдык концертке мүмкүн болушунча көп көрүүчү катыша алышы үчүн BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча 15 миң акысыз билет бөлдү. Бишкектеги жыйынтыктоочу концерт КЫРГЫЗ ТУРдун өлкө боюнча өткөн чоң сапарынын жаркын жыйынтыгы болот”, - деп белгилешти банктан.

КЫРГЫЗ ТУР 2026нын чоң финалын өткөрүп жибербеңиз! Сүйүктүү ырчыларыңыздын жандуу аткаруусун көрүп, жайкы кечти BAKAI менен бирге өзгөчө маанайда өткөрүңүз!

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media