Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Ветеринария кызматына 6,6 млн сомдук техникалар тапшырылат

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматына кызматтык автоунаа жана жайыттарга мониторинг жүргүзө турган заманбап техникалык жабдууларды тапшырат.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, техникалар жана жабдуулар ФАО менен Жашыл климаттык фонддун колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасында токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти секвестрлөө” долбоорунун алкагында берилүүдө. Алар жайыттарды текшерүү, алардын абалын баалоо жана долбоордук иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн пайдаланылат.

Өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн жалпы наркы 6 667 478,77 сомду түзөт. Ага төмөнкүлөр кирет:
Toyota Hilux кызматтык автоунаасы; 
DJI Mavic 3 Enterprise RTK учкучсуз учуучу аппараты (дрон);
3 даана заманбап ноутбук; 
жогорку өндүрүмдүү персоналдык компьютер; 
бензин генератору; 
күн панелдери жана көчмө энергия сактагыч; 
жайыттарды текшерүүгө арналган талаа жабдуулары жана инвентарлар. 

Бул колдоо Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют кызматынын материалдык-техникалык мүмкүнчүлүгүн чыңдап, жайыттарды туруктуу башкаруу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media