“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала Ырысы” жөлөк пулу 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөнүн социалдык экономикалык абалына карабастан жана 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен же баккан адам менен чогуу жашаган учурда, “Бала Ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөк пулу 1200 сом өлчөмүндө киргизилүүдө.

Кыргызстандын калкынын 38%ын балдар түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 33%ды түзүп бүгүнкү күндө өлкөдө ар бир үчүнчү бала жакырчылыкта жашайт, андан тышкары жетишсиз тамактануудан жабыркап алардын өсүшүндө артта калуу байкалууда, андан тышкары 3 жашка чейинки балдардын ичинде жакырчылыктын деңгээли эң жогору болуп белгиленген.  

Мамлекет боюнча божомолдоонун негизинде 440 миңден 470 миңге чейин балдар “Бала ырысы” жөлөк пулун алууга укутуу болушат.

Мамлекет менен жарандардын ортосундагы бирдиктүү автоматташтырылган тутумун өнүктүрүү боюнча, министрлик “Элдик Банк” ААК менен биргеликте иш алып барууда.

“Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун дайындоого арызды электрондук түрдө "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берүү, ошондой эле жашаган  жери боюнча түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берүү каралган. 
“Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз берүүдө бардык талап кылынган документтерди санариптештирүү маанилүү, анткени “Түндүк” автоматтык түрдө документтерди тартып көрсөтөт.
Эгерде көрсөтүлгөн документтер “Түндүктө” автоматтык түрдө чагылдырылбаса, арыз берүүчү документтерди санариптештирүү максатында жашаган  жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна  кайрылууга тийиш.

Ошондой эле тактап кетсек, баланын жашаган жери менен арыз берүүчүнүн жашаган жери бир чыгыш керек, бул маалымат Санарип-Аймакта болгондуктан жергиликтүү аймактык башкармалыктарга же айыл өкмөтүнө кайрылыш керек.  

Жашаган жери боюнча түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берүүдө, жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен, арыз ээсинин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 

“Бала ырысы” жөлөк пулуна 3 жашка чейинки балдардын мыйзамдуу өкүлдөрү, жана ишеним кат берилген ишенимдүү адам кайрыла алат. Ошондой эле кайрылмандын күбөлүгү бар адамдар кайрыла алышат.

Ошону менен бирге, эгер  кандайдыр бир себептер менен арыз тапшыра албаса, же кандайдыр бир суроолор болсо министрликтин байланыш номери 111 ге кайрылса болот, же болбосо “Түндүк” мобилдик тиркемеде автоматтык түрдө кайрылуу жазса болот. 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media