Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

Бишкекте автобуска жол кире төлөөнүн жаңы тартиби киргизилди

1-июлдан тартып Бишкек шаарындагы муниципалдык коомдук транспортто заманбап электрондук төлөм ыкмаларын колдонуу менен жол кире төлөө системасы ишке кирет.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени “Тулпар” транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана “Элкарт”банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу төлөй алышат.

“Тулпар” транспорттук картасы жок жүргүнчүлөр үчүн Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жол кирени төлөө үчүн билетте көрсөтүлгөн QR-кодду транспорт каражатында орнотулган валидаторго тийгизүү жетиштүү.

Мындан тышкары, “Тулпар” картасын колдонгондо жүргүнчүлөр биринчи төлөм жасалган учурдан тартып 60 мүнөттүн ичинде муниципалдык коомдук транспортто төрт жолуга чейин бекер кайра отуруп өтө алышат. Бул жеңилдик 40 жана 120 сомдук жол кире менен жүрүүчү “Экспресс” автобустарга жайылтылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media