Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты. 

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчү автобустар да көрсөтүлдү. 

Учурда Каракол шаарында Каракол – Бишкек жана Каракол – Алматы багыттары боюнча каттаган 10 автобус пайдаланылууда. Мындан ары Кыргызстандын облустук борборлоруна, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарларына туруктуу каттамдарды ачуу мерчемделип жатат. 

Мындан тышкары, шаар ичиндеги каттамдарды тейлөө үчүн 18 автобус сатылып алынган. Жакынкы убакта дагы эки электробустун келиши күтүлүүдө. Бул автотехникалардын бардыгы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган. 

Жыл соңуна чейин демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен дагы 75 автобус сатып алуу пландалууда. Натыйжада автобустар паркы Каракол шаарынын 60 автобуска болгон муктаждыгын толук камсыздап, ошондой эле шаар четиндеги конуштар жана жакынкы айылдар менен транспорттук байланышты уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул максатта дагы 45 автобусту каттамга киргизүү пландалып жатат. 
Белгиленгендей, бардык автобустар заманбап талаптарга жооп берип, видеокөзөмөл системалары, GPS-трекерлер жана кондиционерлер менен жабдылган. 

Президентке жүргүнчү автобустар, автокран, фронталдык жүктөгүчтөр, жол таптагыч, дөңгөлөктүү экскаваторлор, асфальт төшөөчү техника, автогрейдер, экскаватор-жүктөгүчтөр, таштанды ташуучу унаалар, суу ташуучу унаалар, ар кандай жүк көтөрүмдүүлүктөгү кран-манипуляторлор, автобетон аралаштыргычтар, ассенизатордук унаалар, жүк-жүргүнчүлүк өзү төгүүчү, жууп-тазалоочу атайын унаалар жана эвакуаторлор көрсөтүлдү. 

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media