Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү жүргүзүлүп жатат.

Учурда республика боюнча:

тракторлордун жалпы саны – 22 358 даана, анын ичинен техникалык жактан даяр болгону – 21 043 даана же 94%;

дан жыйноочу комбайндар – 1 836 даана, анын ичинен даяр болгону – 1 434 даана же 78 %;

чөп чапкычтар – 4 298 даана, анын ичинен даяр болгону – 3 934 даана же 91%;

чөп таңгычтар – 3 985 даана, анын ичинен даяр болгону – 3 596 даана же 90 %;

дан тазалоочу машиналар – 423 даана, анын ичинен даяр болгону – 368 даана же 87%;

трактор чиркегичтери – 8 942 даана, анын ичинен даяр болгону – 8 150 даана же 91%.

2026-жылы республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин жалпы аянты 486 090 гектарды түзөт. Дан эгиндерин жыйноого 1 822 дан жыйноочу комбайн тартылат. Натыйжада бир дан жыйноочу комбайнга орточо эсеп менен 267 гектар айдоо аянты туура келет.

Министрлик тарабынан оруп-жыюу өнөктүгүн өз мөөнөтүндө өткөрүү, техникалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана түшүмдү жоготуусуз жыйнап алуу боюнча тиешелүү уюштуруу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media