“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

1-июлдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Түндүк” ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулуна Кыргызстандын жарандарынын арыздарын кабыл алууну баштады.

Алгачкы күндө эле “Бала ырысы” жөлөк пулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул дайындоого кабыл алынып, бул жалпы арыздардын 96,2%ын түздү.

Арыздардын 12 205и жарандар тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта берилип, кабыл алынды. Ал эми 1 577 арыз кагаз жүзүндө тапшырылды. Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана “Түндүк” ААКнын кызматкерлери жарандарга мобилдик тиркеме аркылуу арыз берүүгө көмөк көрсөтүштү.

Тилекке каршы, 536 арыз 4% кабыл алынган жок. Мунун негизги себептери мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбестиги болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media