Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты.

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип чыккан инженердик-техникалык шарттар турак жай массивдерин газ бөлүштүрүү тармактарына кошуунун техникалык параметрлерин аныктайт жана газ түтүктөрүн долбоорлоо менен кийинки курулуш иштерине негиз болуп кызмат кылат. Бул документтерди даярдоо аталган аймактарды борборлоштурулган газ менен камсыздоого багытталган маанилүү этап болуп эсептелет.

Аткарылып жаткан иштер Бишкек шаарынын жаңы жана активдүү курулуп жаткан райондорунда инженердик инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүү милдеттерине ылайык жүргүзүлүүдө жана шаар тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Долбоорду ишке ашыруу турак жай массивдерин заманбап жана ишенимдүү газ менен камсыз кылууга шарт түзүп, шаардык инфраструктуранын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media