Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда
Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы оңдолууда. Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда.
Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат. Мындан тышкары коомдук даараткана салынып, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күндө жарыктандыруу системасы орнотулуп, бак-дарактар отургузулду. Учурда асфальт жана брусчатка төшөө иштери жүргүзүлүүдө.