Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Жыргалаңдагы эки асма жол ишке киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мамлекеттик бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластеринин алкагында асма жолдорду техникалык ишке киргизүүнү баштап берди.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мамлекет башчысы келечектеги бийик тоолуу эс алуу жайдын инфраструктурасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, бүгүнкү күндө узундугу 1727 метр болгон В-1 жана узундугу 2296 метр болгон В-2 асма жолдорунун курулушу аяктады.

Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзгөн ар кандай деңгээлдеги лыжа трассаларын куруу пландалууда. Бул бардык категориядагы эс алуучуларды кабыл алууга жана тиешелүү сертификаттарды алгандан кийин келечекте эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Объекттин коопсуздугуна жана ишенимдүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Коргоочу торлор, инженердик коргонуу, навигация жана суу агызуу системалары орнотулууда. Ошону менен катар суу менен камсыздоо объектилери, анын ичинде суткасына 3200 куб метр суу берүүчү башкы суу алуучу курулма, 12 миң адамды камсыздай турган ичүүчү суу резервуарлары, суу даярдоо станциясы жана өрткө каршы бассейн курулуп жатат. Электр энергиясы менен камсыздоо системасы да жигердүү өнүктүрүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров көтөргүчтү башкаруу пультундагы баскычты басып, алгачкы эки асма жолду ишке киргизди. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилүүсү пландалган дагы төрт асма жолдун токтотмо станцияларынын пайдубалына мезгил кутусун салды.
Курорттун биринчи этабын ачуу 2026-жылдын декабрь айына пландалган. Бул убакытка чейин алгачкы лыжа трассалары, алты асма жол, административдик имараттар, ижарага берүү пункттары жана унаа токтотуучу инфраструктура пайдаланууга берилет.

Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин “Жыргалаң” курорттук шаарчасындагы лыжа трассаларынын жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды, ал эми “Ала-Тоо Резорттун” үч аймагындагы бардык трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жакын болот. Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media
Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку

Ишкер Media