Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек

Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган “Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын ишине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Азия илимдер академиясынын вице-президенти Акылбек Жапаров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана жаш окумуштуулар катышты.

Конференциянын негизги максаты — эгемендүүлүк жылдарындагы Бишкек шаарынын өнүгүү жолун илимий-практикалык жактан талдоо, жетишилген натыйжаларды, актуалдуу көйгөйлөрдү жана заманбап чакырыктарды талкуулоо, ошондой эле борбор калааны мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Конференциянын жүрүшүндө шаардык чөйрөнү өнүктүрүүгө байланышкан кеңири маселелер талкууланды. Анын ичинде шаар куруу жана архитектура, транспорттук жана социалдык инфраструктура, экологиялык абал, жашыл аймактарды сактоо жана кеңейтүү, маданий мейкиндикти өнүктүрүү, борбор калаанын экономикалык жана инвестициялык потенциалы, муниципалдык башкарууну санариптештирүү жана туруктуу шаардык өнүгүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Конференциянын жыйынтыгында Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды камтыган резолюция кабыл алынды. Документте борбор калаанын туруктуу, тең салмактуу жана келечекке багытталган өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын көңүл буруусун талап кылган негизги багыттар чагылдырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media
Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. 2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр

Ишкер Media