Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкектин Жал кичи районунда 9 кабаттуу унаа токтотуучу жайы курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада курулуп жаткан жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан объектилерди кыдырып, жумуштун жүрүшү менен таанышты.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаа башчысы алгач И.Ахунбаев жана Репин көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Үмүт чырагы” адистештирилген бала бакчасынын курулушуна барды.

Жалпы аянты 3467 чарчы метрди түзгөн заманбап эки кабаттуу имарат 250 балага ылайыкташып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулууда. Мекемеде окуу кабинеттери, гимнастика залы, логопеддин кабинети, ошондой эле контакттык зоопарк каралган. Курулуш иштерин “Артвин” ЖЧК подряддык уюму аткарууда.

Андан соң Айбек Жунушалиев көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу менен таанышты. Жалпы аянты 35 миң чарчы метрге жакын тогуз кабаттуу объект болжол менен 900 унаага ылайыкташкан. Долбоордо үч жер төлө жана алты жер үстүндөгү кабат каралган. Курулушту “Шерой” компаниясы жүргүзүүдө.

Ошондой эле борбор калаанын башчысы Б.Миңжылкиев көчөсүнүн курулушу менен таанышты. 

Курулуп жаткан жаткан тилкенин жалпы узундугу 1,35 чакырымды түзөт. Долбоордо туурасы 8 метр болгон унаа өтүүчү бөлүктү куруу жана көчөнүн эки тарабына тең тротуарларды салуу каралган.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media
Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Тородогу чакан кредиттик агенттиктин күбөлүгү жокко чыгарылды

Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна караштуу “Чакан кредиттик агенттиги” коомдук фондун өз ыктыяры менен жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим микрокредиттик агенттиктин байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 13-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук банктын Жалал-Абад

Ишкер Media
Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Кыргызстандык тубаса кемтик оорулар менен төрөлгөн балдар Германиядан дарылана алышат

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 12-13-октябрында Германиянын клиникаларында бекер дарылануулары үчүн тубаса кемтик менен туулган балдарды кароо жана тандоо жаатындагы кезектеги акция өтөт. Бул тууралуу "Ден соллукка карай бирге" коомдук фонду билдирди. Фонддун билдирүүсүнө караганда, эл аралык Friedensdorf International кайрымдуулук уюму оорулуу балдарга көмөк

Ишкер Media
Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектиги завод 323 миң тонна таштанды иштеп чыгарды

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаарды өнүктүрүүгө карата өткөрүлгөн 2-октябрдагы илимий-практикалык конференцияда таштандыларды кайра иштеп чыгаруучу завод 323 миң тонна таштандыны иштеп чыгарганын билдирди. Анын сөзүнө караганда мурун таштандылар жөн гана таштандыга ташталчу. Азыр болсо иштелип чыгарылууда. "Биз таштандыларды иштеп чыгаруучу жаңы заводдорду куруп, кыш жана шиферлерди өндүрөбүз&

Ишкер Media