Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды
Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Прокуратура көргөн чаралардын жыйынтыгында социалдык объект толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Анын баасы 182 млн 624 миң сом деп бааланган.