Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Чүйдө 20 миң бодо малды бордоп семиртүү долбоору ишке ашырылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу максатында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбаларды уюштуруу долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор министрликтин өз каражаттарынын эсебинен каржыланат. Баштапкы этапта бордоого 2 500 баш бодо мал киргизилет. Долбоор этап-этабы менен кеңейтилип, жакынкы эки жылдын ичинде бордоп семиртилүүчү бодо малдын саны 20 000 башка жеткирилет.

Министрлик бул демилге ички базардын керектөөсүн камсыз кылуу менен катар, мал чарбачылыгынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошоруна ишеним артат.

Мындан тышкары окуңуз

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”

Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында,  биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматында мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелери каралды. Тараптар

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

Бүгүн "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын Финансылык-кредиттик фонддон кайра түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ал эми уюмдун жалпы тарыхы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд түзүлгөн учурдан тартып 29 жылды камтыйт. 2025-жылдын 17-июлунда Министрлер Кабинетинин токтому менен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсы түзүлүп, анын