2,9 миңден ашуун майыптыгы бар жаран дарылоодон өттү
Жыл башынан бери 2,9 миңден ашуун майыптыгы бар жаран санаторий-курорттук дарылоодон өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, майыптыгы бар жарандарды санаторий-курорттук дарылоо менен камсыздоо боюнча иштерди улантууда. 2026-жылдын 1-июлуна карата санаторий-курорттук дарылоодон 2 906 кызмат алуучу өттү.
Анын ичинде:
I топтогу майыптыгы бар 674 адам;
II топтогу майыптыгы бар 2 013 адам;
III топтогу майыптыгы бар 219 адам.