Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан.

“Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга дароо алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер анын төмөнкү жаагынын жабык сыныгын аныкташкан. Учурда жабырлануучуга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Бул факты боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Кесиптешине карата күч колдонгон аскер кызматкери анын аракеттерине укуктук баа берилгенден кийин аскер кызматынан бошотулат”, -деп айтылат маалыматта.

Кызматтык иликтөөнүн материалдары күнөөлүү адамдын аракеттерине укуктук баа берүү жана мыйзам талаптарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу