Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулуп жаткан Миң-Жар каналы райондогу сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – буга чейин сугат суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай келген жайыт жерлерди өздөштүрүп, айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү болуп эсептелет.

Канал толук пайдаланууга берилгенден кийин 1400 гектар жер аянты сугат суу менен камсыз болуп, жаңы өздөштүрүлгөн аймактарда картошка, тоют өсүмдүктөрү, дан эгиндери жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Миң-Жар каналынын курулушунун натыйжасында:

1400 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлөт;

жер ресурстарынын натыйжалуу пайдаланылышы камсыздалат;

айыл чарба продукциясынын көлөмү жана түшүмдүүлүгү жогорулайт;

мал чарбачылыгы үчүн тоют базасы бекемделет;

жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жергиликтүү калктын кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзүлөт;

Кашка-Суу айыл аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулат.

Миң-Жар каналы – Чоң-Алай районунун ирригациялык инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, аймактагы пайдаланылбай келген жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнө тартууга жана калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган стратегиялык маанидеги долбоорлордун бири болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media