Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды. 

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Рейддин негизги максаты – жайлоолордун экологиялык абалын көзөмөлдөө, тиричилик калдыктарынын жана саркынды суулардын мыйзамсыз төгүлүшүнө бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу болгон.

Ошондой эле тескөөчүлөр тарабынан жарандарга жаратылышты таза сактоо, тиричилик калдыктарын жана саркынды сууларды атайын белгиленген жайларга гана чыгаруу зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Белгиленген талаптарды сактабаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчилик каралары эскертилди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media