“Манас” аба майданынын кире бериш бөлүгү бүткөрүлдү

“Манас” аба майданынын кире бериш бөлүгү бүткөрүлдү

”Манас” эл аралык аба майданынын негизги кире бериши жүргүнчүлөр жана коноктор үчүн расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу ”Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

М.Самидиновдун айтымына караганда, кире бериштин ачылышы менен бирге эле аэровокзал комплексинин имаратын масштабдуу жаңылоо иштери кызуу уланууда.

Жаңыланган кире бериш бөлүгү жүргүнчүлөрдүн агымын натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана аба майданына кирүүдөгү кезек күтүүлөрдү азайтууга өбөлгө түзөт. Ал эми калган тилкелердеги оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарында акылдуу технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Манас шаарында акылдуу технологияларды киргизүү маселесин талкуулашты

Манас шаарынын мэри Уларбек Исмаилов Project Vision AI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, жасалма интеллектке негизделген мүмкүнчүлүктөр, анын инфратүзүмдү жакшыртуудагы артыкчылыктары тууралуу маалымат алды. Калаа мэриясынан билдиришкендей, жолугушууда акылдуу мамыларды шаар аймагына орнотуу, коомдук коопсуздукту күчөтүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Компания өкүлдөрү Smart Pole системасы аркылуу

Ат-Башыда мыйзамсыз балык уулаган чет элдиктер кармалды

Ат-Башыда мыйзамсыз балык уулаган чет элдиктер кармалды

Арпа жайлоосундагы мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясында ыкчам кеңешме өттү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Арпа жайлоосунда чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз балык уулоосу жана жергиликтүү тургундарга карата орой мамиле жасаганы боюнча маселе өзгөчө көзөмөлгө алынды. Аталган факты

Ат-Башыда сел жүрүп, унаадагы жаран аман-эсен куткарылды

Ат-Башыда сел жүрүп, унаадагы жаран аман-эсен куткарылды

12-июлда саат 20:30 чамасында Ат-Башы районунда кыска мөөнөттө жааган нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, сел Баш-Кайыңды жана Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы сайда катталган. Сел суусуна агып кеткен унаадагы бир жаран куткаруучулар тарабынан аман-эсен чыгарылган.

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

14-июлда саат 09:00дөн 15-июль саат 08:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Өчүрүү району: Асанбай кичи району (Куттубаев көчөсүнөн С. Батор көчөсүнө