Мыйзамсыз балык кармаган чет өлкөлүктөргө айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармаган чет өлкөлүктөргө айып пул салынды

Арпа өрөөнүндө чет элдик жарандар тарабынан мыйзамсыз балык уулоо фактысы боюнча кармалган 4 чет элдик жарандарга электр балык кармоочу аспап менен мыйзамсыз балык кармаганды үчүн ар бирине 10 000 сомдон, жалпы 40 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, жайыт жерлеринде автоунаа менен мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн дагы 5 500 сом өлчөмүндө айып пул белгиленди.

Учурда окуя боюнча Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп, материалдар андан аркы мыйзам чегиндеги чараларды көрүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Июнда өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Июнда өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын июнь айында өлкө боюнча 90 курулуш объектисине техникалык корутунду даярдады. Министрликтин маалыматына ылайык, техникалык корутундулар курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугун баалоо, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана колдонуудагы техникалык ченемдерге

“Саймалуу-Ташта” петроглифтерге жетүүнү жеңилдеткен көпүрө курулду

“Саймалуу-Ташта” петроглифтерге жетүүнү жеңилдеткен көпүрө курулду

Жалал-Абад облусундагы “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын Көк-Арт өрөөнүндө жаңы көпүрө курулуп бүттү. Мамлекеттик жаратылыш паркынан билдиришкендей, петроглифтер жайгашкан аймакка алып баруучу көпүрө көп жылдан бери көйгөй жаратып келген. Аталган объект парк тарабынан жаңыланып, туристтер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Көпүрөнүн ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрациянын башчысы

Кыргызгидромет кызматы: Абанын табы 43° жогорулашы күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы: Абанын табы 43° жогорулашы күтүлөт

14-18-июлдарда Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, 16-18-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде 41…43° жогорулашы күтүлөт.  Мындай кургак ысык

Жети-Өгүздө 102 млн сомго мектеп курулууда

Жети-Өгүздө 102 млн сомго мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 275 орундуу Э.Гапаров атындагы жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган. Объекттин жалпы наркы 102 миллион сомду түзөт. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки