Жарым жылда тамактануучу жайларга 7,4 млн сомдон ашык айып пул салынды
2026-жылдын алты ай аралыгында Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тамак-аш гигиенасы боюнча 495 протокол түздү.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына ылайык, жалпы суммасы 7 миллион 458 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 35 объектинин иши убактылуу токтотулду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө мораторий күчүндө. Коомдук тамактануу жайлары жарандардын арыз-даттанууларынын негизинде гана текшерилет. Жыл башынан бери Бишкекте массалык тамак-аштан уулануунун бир нече учуру катталган.