“Ак-Тилек”, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүү жүргүзүлдү

“Ак-Тилек”, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүү жүргүзүлдү

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан “Кант” убактылуу сактоо кампасында, ошондой эле “Ак-Тилек” жана “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пункттарында күтүүсүз текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык көзөмөлдүн жүргүзүлүшү, кызматкерлердин кызматтык милдеттерди аткаруусу, иш кагаздарынын туура жүргүзүлүшү, ошондой эле мыйзам талаптарынын сакталышы комплекстүү түрдө бааланды.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана кызматтык этиканын талаптарын так сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Текшерүүнүн жыйынтыгында посттордун ишмердүүлүгү оң бааланып, кызматкерлердин жоопкерчиликтүү мамилеси, кызматтык тартипти сактоосу жана фитосанитардык көзөмөлдү талаптарга ылайык жүргүзүп жатканы белгиленди.

Өсүмдүктөрдүн карантини жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо багытындагы мындай текшерүүлөр мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Жашы жете элек кыз – улуу адамды кайырчылык кылууга калтырып кеткен

Бишкекте милиция кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда белгисиз аял киши эркек кишини кайырчылык менен алектенүүгө калтырып кеткен учурдун видеосун аныктады. Ага ылайык, бул факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын маалыматтарды электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн катыйжасында, видеодогу

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылды

Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, академияда жаш шахматчыларды окутуу жана машыктыруу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев шахматчылардын ата-энелери менен жолугуп, балдар менен жаштардын интеллектуалдык жана ар тараптуу өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Ысык-Ата районунда айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүү ишке кирди

Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен айнек пакеттерин жана жарык чагылдыруучу айнектерди өндүрүүгө адистешкен кыргыз-өзбек биргелешкен «ГЛАСС ЦЕНТР» ишканасы ачылды. Мекемеден кабарлагандай, ачылыш аземи кече 12-сентябрда өткөрүлүп, ага экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова катышты. Долбоорду ишке ашырууга 482 млн сом инвестиция салынган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Жылуулук насосу көмүр мешине альтернатива катары сунушталууда

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда экологиялык таза жылытуу системаларын орнотууга мамлекеттик жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Жеке менчик үйлөрдун ээлери заманбап жана энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу үчүн жылдык 6% менен беш жылга чейинки мөөнөткө 1 миллион сомго чейин насыя ала алышат. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, каржылоо “АБанк”, “Элдик