Аскер кызматкеринин жаагын сындырган чек арачы камакка алынды
9-июлда саат 15:00 чамасында, Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн контрактык негизиндеги аскер кызматкери сержант С. у Э., аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу менен, Баткен облусунун Лейлек районунун “Үч-Котон” тилкесинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатып, өз ара келишпестиктен улам 2057 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери ефрейтор С.Т.нын сол жаагына уруп жиберген. Натыйжада С.Т.нын жаагынын сол тарабы сынган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан (ден соолукка олуттуу залал келтирүү менен бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн алкагында, сержант С. у Э. Баткен райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.
Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арага тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузуу фактысы боюнча өзүнчө кылмыш иши козголуп, учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.