Бакыт Сыдыков: Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24%га төмөндөдү

Бакыт Сыдыков: Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24%га төмөндөдү

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун министрлер сегментинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр дүйнөлүк коомчулук климаттын өзгөрүшү, куралдуу жаңжалдар, жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы жана технологиялык теңсиздик сыяктуу жаңы чакырыктарга туш болуп жатканын белгилеп, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүү менен катар буга чейин жетишилген ийгиликтерди сактап калуунун маанисин баса белгиледи.

Өзгөчө көңүл тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө бурулуп, мөңгүлөрдүн чегиниши суу коопсуздугуна, азык-түлүк өндүрүшүнө жана энергетикалык системаларга олуттуу коркунуч жаратып жатканын айтты. Ошондой эле 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине БУУга мүчө мамлекеттерди жана өнөктөштөрдү катышууга чакырды.

Министр Кыргызстандын 2021–2025-жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин да белгилеп, бул мезгилде жакырчылыктын деңгээли 33%дан 24%га чейин төмөндөп, экономиканын орточо жылдык өсүшү 10%га жакын болгонун маалымдады.

Ошондой эле Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы өлкөгө болгон эл аралык ишенимдин көрсөткүчү экенин белгилеп, Кыргызстан мындан ары да эл аралык кызматташтыкты жана тынчтык демилгелерин илгерилетүүгө даяр экенин ырастады.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун