Ноокендеги селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кочкор-Ата шаарында, ошондой эле Э.Алиев жана Момбеков айыл аймактарына караштуу бир катар айылдарда сел жүрдү.Сел турак үйлөрдүн короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап, материалдык чыгым алып келди.
Учурда куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүп жатат.