Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо маселелери талкууланды
Министрлер Кабинетинин Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, жыйында күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы абал, мунай заттарын жеткирүү жана зарыл болгон запастарды түзүү маселелери каралды.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга өлкөгө мунай заттарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү жана зарыл чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.