Оштогу айрым тамактануучу жайлар убактылуу жабылды

Оштогу айрым тамактануучу жайлар убактылуу жабылды

Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылга бекитилген иш планына ылайык, июль айында “Ош шаарында коомдук тамактануу жайларында тамак-аш коопсуздугу боюнча санитардык талаптардын аткарылышы” маселеси боюнча комиссиянын отуруму өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 9-июлда Ош шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Ветеринардык кызматтын адистеринен турган комиссия түзүлгөн.

Комиссия тарабынан 13-июлдан тартып рейддик иш-чаралар жүргүзүлүп, Курманжан-Датка жана А. Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 10го жакын кафе жана тез татым жайларында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу жайларында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталбагандыгы, ошондой эле продукциянын сапатын тастыктоочу документтердин жоктугу аныкталды.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында аталган объекттердин иши кемчиликтер толук жоюлганга чейин убактылуу токтотулду.

Ошондой эле мыйзамсыз ишмердүүлүк фактылары аныкталып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Кээ бир жайлардын жетекчилерине генералдык тазалоо жана дезинфекциялоо жүргүзүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга