Бишкектеги билим берүү мекемелеринин курулушу көзөмөлдөндү

Бишкектеги билим берүү мекемелеринин курулушу көзөмөлдөндү

14-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова менен биргеликте билим берүү мекемелеринин кошумча корпустарынын курулушу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө катышуучулар №56 мектептин капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Учурда объектте бузуу жана электр монтаждоо иштери аяктап, жасалгалоо жана курулуш-монтаждоо иштери уланууда.

Долбоордо имаратты толугу менен жаңылоо каралган. Мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары, чуркоо үчүн жолдор, тышкы жарыктандыруу жана тротуарлар курулат.

Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен борбор калаанын башчысы мектептин фасадынын заманбап архитектуралык чечимин иштеп чыгууну тапшырды. Мында билим берүү мекемеси балдар үчүн жагымдуу, коопсуз жана ыңгайлуу болушу керектиги эске алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Ала-Бука – Касан унаа жолунун 12 чакырымы толугу менен асфальтталды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Касан унаа жолунун быйылкы жылга пландалган 5,5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери толугу менен аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жол куруу иштери №17 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан белгиленген графикке ылайык, курулуштун сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүлдү. Аталган жолдун жалпы 12 чакырымына

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Жалал-Абадда көп кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы шаардагы көп кабаттуу турак жайга текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү Байзаков көчөсү, 46 дарегинде курулуп жаткан объектте өткөрүлүп, техникалык талаптардын бузулганы аныкталды. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген долбоордук документациядан четтөө менен жүргүзүлгөн. Ошондой эле

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Ошто агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

6-7-август күндөрү Ош шаарында Дүйнөлүк банктын каржылоосунда министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан "Ош облусунун жана Ош шаарынын аймактык экономикалык өнүгүүсү" долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк комитетинин көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев жана Комитеттин мүчөлөрү катышты. Көчмө жыйындын

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

Бишкектеги 10-кичирайондо убактылуу суу токтотулат

12-августта саат 09:00дөн саат 17:00гө чейин 10-кичирайондун бир бөлүгүндөгү турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, ошондой эле башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, суу менен жабдуунун убактылуу токтотулушу 10-кичирайондогу откананын суу