Нарында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" республикалык сынагы тааныштырылды
Нарын шаарында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында "ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ" демилге жана долбоорлор сынагын тааныштыруу жыйыны өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамбетова, Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун эксперти Кадыр Кошалиев, район акимчиликтеринин, мэриянын, мекеме-уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Эксперт долбоор президенттин "Улуттук нарк - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун ишке ашыруу максатында уюштурулганын белгиледи.
Максаты - улуттук интеллектуалдык жана руханий дараметти бириктирип, өнүгүүгө багытталган мыкты идеяларды тандоо жана ишке ашыруу.
Демилгенин үч багыты бар:
• Адам капиталы жана мамлекеттик түзүлүш;
• Экономика, технологиялар жана инновациялар;
• Улуттук идентиттүүлүк жана маданий баалуулуктар.
Мамбетова аймактардан чыккан демилгелерди колдоо маанилүү экенин айтып, нарындыктарды активдүү катышууга чакырды. Мыкты долбоорлор республикалык деңгээлде колдоого алынат.